Кант шаардык автостанциясы мамлекеттин балансына кайтарылды

Жалпы аянты 2,81 гектар болгон Кант шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы (автостанция) мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, 1996-жылы айрым үлүштүк катышуучулары бар "Каниет" ААКсынын жетекчилиги Кант шаарындагы автостанцияны мыйзамсыз менчиктештиргени аныкталган. Анда мамлекеттин үлүшү 39,25 пайызды түзгөн. Бирок менчиктештирилген учурдан тартып "Каниет" ААКсынан кандайдыр бир дивиденддер мамлекеттик бюджетке түшкөн эмес.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында "Каниет" ААКсы өз ыктыяры менен Кант шаардык мэриясынын балансына сметалык баасы 800 миллион 908 миң 388 сомду түзгөн, жалпы аянты 28 миң 143 чарчы метр (курулуштары бар) жүргүнчүлөрдү ташуучу ишкананы мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өндүрүштүк жана социалдык объектилерди кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылып жатканын кошумчалады.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан