Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери пара талап кылуу жана кыйноо фактылары боюнча шектелүүдө. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Октябрь райондук милициянын жооптуу кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын сентябрь айында К.А. жана А.Н. аттуу жарандар кыйноого алынган. Ошондой эле кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу максатында 500 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.
Белгиленгендей, Аскер прокуратурасы тарабынан пара талап кылуу жана кыйноо фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ички иштер министрлиги ички иликтөө жүргүзүп, анын алкагында С.А. аттуу милиция кызматкери шектүү катары кармалган. Учурда тергөө уланууда.