Талас шаарында мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен жер тилке аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалымдалгандай, 2009-жылы шаардык мэриянын токтому менен борбордук базардын ичинен 1,3 гектар жер тилкеси жеке компанияга мыйзамсыз берилип кеткен. Талас облустук прокуратурасы тарабынан укук белгилөөчү документтерди жокко чыгаруу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, соттук инстанциялардын актылары менен канааттандырылган.
Анын алкагында наркы 144 миллион 172 миң 800 сомго бааланган жер аянты мамлекеттин менчигине кайтарылды.