2016-жылы кыз ала качууга шектелген жаран Орусиядан кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Орусиянын аймагынан кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал 2016-жылдан бери Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесине (Аялды никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн аны ала качуу же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу) шектелип, издөөдө жүргөн.

Облустук милиция учурда шектүү делген Ноокат районунун 1993-жылы туулган Т.Н. аттуу тургунун өлкө аймагына экстрадициялоо маселеси каралып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан