Кыргызстандын волейбол клубдарынын рейтинги жарыяланды

Кыргызстанда уландар арасындагы волейбол клубдарынын рейтинги жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда аталган спорт түрү боюнча федерациядан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 2014-жылда жарыяланган биринчи рейтингдин тизмесине өлкөнүн жогорку лигаларында ойногон 16 клуб кирди. Улуттук лиганын 6 клубунун ичинен лидерлик сапта “Салам-Алик” (Бишкек) клубунун ысымы жазылган. 2-орунда Ысык-Көл облусунун “Жаңы муун” командасы болсо, 3-орун ээси бишкектик “ВВ МВД+К” клубу болду.

Ал эми жогорку лиганын 10 командасынын ичинен рейтингде алдынкы сапта Бишкек шаарынын “Улар” командасы турат. Алдынкы үчтүктө “Теңир-Тоо Замандаш” (Нарын) жана “Дархан-ОшТУ” (Ош) командалары бар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан