Бишкек мэриясында баңгизатка каршы коалиция түзүү маселеси талкууланды

Бишкек шаардык мэриясында баңгизатка каршы коалиция түзүү маселеси талкууланды. Жыйынга калаа мэри Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин депутаттары жана жарандык активисттер катышты.
Мэрия билдиргендей, аталган коалицияга БШК депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук ден соолукту жана коопсуздукту коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле жарандык активисттердин катышуу маселеси талкууланды.
Ага ылайык, учурдагы иш-аракеттерди эске алып, балдар менен өспүрүмдөрдү баңгизаттарга тартууга жол бербөө жана шаардагы калк арасында зыяндуу заттардын таралышына каршы күрөштү күчөтүү чечими кабыл алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан