Ошто таксисттин телефонун сурап алып, качып кеткен шектүү кармалды

Кара-Суу районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-январда милицияга 1968-жылы туулган район тургуну арыз менен кайрылган. Ал 8-январда унаасы менен Ош шаарынан Кара-Суу базарына жеткирип барган кардары Samsung S 91 үлгүсүндөгү телефонун сурап алганын, өзү унаанын багажнигин ачуу үчүн кеткенде телефонду алган бойдон качып кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары мурда соттолгон 1996-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда анын үстүнөн ушул сыяктуу 5 факты боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан