Чүй облусунун Кант шаарында 56 жаштагы адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалымдагандай, куткаруучулар шаарда жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирдин бекилип калган эшигин ачышкан. Батирден 1968-жылы туулган П.В. аттуу славян улутундагы эркек кишинин жансыз денеси табылып, милицияга өткөрүлүп берилди.