Депутат Токтошев Орусияда кыргыз паспорттору сатылып жатканын айтты

Бүгүн, 16-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Орусияда кыргыз паспорту, айдоочулук күбөлүгү ачык эле сатылып жатканын айтып, буга эч кандай чара көрүлбөй жатканына нааразы болду.

Эл өкүлү интернетте кыргыз жарандыгынын паспорттору сатуу жарнамаларына баасы менен чогуу чыгып жатканын белгилеп, бир дагы мамлекеттик орган бул иш боюнча үн катпаганына кызыкты.

Калкты каттоо департаментинин директорунун орун басары Бекзат Ибраимов кыргыз паспортторун сатыкка чыгарып жаткан сайттардын каттоосу Орусияда болуп жатканын, аныкталган фактылар укук коргоо органдарына жөнөтүлүп жатканын айтты. Ал эми башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева прокуратурага эч кандай арыз түшпөгөнүн билдирди.

"Баары бир мамлекет болгондон кийин чара көрүлүш керек да. Сөзсүз арыз түшүш керек эмес. Ал өлкөдөгү биздин элчилик, миграция боюнча өкүлчүлүк эмне кылып жатат. Жалпы кыргыз мамлекетинин коопсуздугуна шек келип жатат да. Анда арыз түшкөн жок деп жүрө берели. Демек, анда бирөөнүн кызыкчылыгы бар. Астыртадан бирөө иштеп жатат. Эмне үчүн Өзбекстан, Казакстандын паспорту сатуу жарнамасына чыкпайт? Буга ким жооп берет? Сатып жаткандар алдамчы болсо чара көрүлүшү керек болчу", - деди Токтошев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан