Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 17-январда өлкөдө күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0 ... -5, күндүз +5 ... +10 градус;
Талас облусунда түнкүсүн -3 ... -8, күндүз +5 ... +10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0 ... -5, күндүз +6 ... +11;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3 ... -8, күндүз 0 ... +5;
Нарын жергесинде түнкүсүн -19 ... -24, күндүз -3 ... -8;
Бишкек шаарында түнкүсүн 0 ... -2, күндүз +8 ... +10 градус жылуу болот.