Ош облусунун Өзгөн районундагы жер тилкелерин мыйзамсыз саткан кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМКнын маалыматына ылайык, Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы 1962-жылы туулган У.Ы.Д. аттуу жаран аталган айыл өкмөттүн азыркы юристи 1981-жылы туулган И.И.А. жана алардын шериги 1980-жылы туулган Н.М.М. аттуу жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
"2019-2021-жылдар аралыгында аталган адамдар алдын ала макулдашууга кирип, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн токтомдорун жана жер тилкелерине муктаж жарандардын тизмесин атайылап жасалмалап, кол коюп, андан соң аларды мыйзамдаштыруу максатында Өзгөн районунун архивине, архитектурасына жана кадастрына өткөрүп беришкени аныкталган. Натыйжада жасалма документтердин негизинде 2021-жылы өкмөттүн токтому менен Ош облусунун Өзгөн районундагы 22 гектар жер "Айыл чарба багытындагы" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына трансформацияланган", - деп билдиришти УКМКдан.
Мында мамлекетке келтирилген зыян 829 миллион 200 миң сомду түзөт.
Учурда тергөө уланууда.