Дайырбек Орунбеков Лениндин эстелигин алуу демилгеси боюнча билдирүү таратты 

Кечээ, 15-январдагы парламент жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев эски аянтта турган Владимир Ильич Лениндин эстелигин алып, ордуна Турдакун Усубалиевдин айкелин коюуну сунуштаган.
"Эски аянтка 2020-жылы Усубалиевдин аты берилген. Бул жеке сунушум. Кочкор районунун тургундары дагы кайрылып жатышат. Мен айтпасам дагы Усубалиевдин өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын жакшы билесиздер", - деген Сыдыгалиев.
Бүгүн, 16-январда депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин жыйынында Лениндин эстелигин алуу демилгесинде тарыхты кароого чакырган. Ал Лениндин эгемендүү кыргыз өлкөсүнүн калыптанышына салымы бар экенин белгилеген.
Президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына Лениндин эстелигин алуу боюнча эч кандай план жок экенин жазды.
"Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Лениндин эстелигине тийбей туруу өтүнүчү менен билдирүү жасады. Бирок эстеликке эч ким тийген жок жана аны алып салуу боюнча эч кандай пландар жок. Ал өз ордунда турат жана тура берет.
Толук маалыматты тактабай туруп, кабатыр болууга негиз жок экенин билдирем. Бардык талкуулар реалдуулукка жана так маалыматка негизделиши керек", - деп жазды ал.
Кабарлай кетсек, Владимир Ильич Лениндин эстелиги Бишкек шаарындагы эски аянтта турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
NURSAPAR
2025-01-17 06:54:00
Усубалиев Советабадды Өзбекстанга саткан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан