Бишкекте беш жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 16-мартында милицияга калаа тургуну арыз менен кайрылып, Р.А. аттуу жаран Бишкектен 2 бөлмөлүү батир сатам деп баасы 20 миң долларлык "Lexus LX-470" үлгүсүндөгү унаасын алып, изин жашырып кеткенин билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209 беренесинин 3-бөлүгү (Ири өлчөмдөгү алдамчылык) жана 233-беренеси (Жасалма акчаларды же баалуу кагаздарды жасоо) менен кылмыш иши козголгон.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1986-жылы туулган Р.А аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан