Ноокенде алдамчылык кылганга шектүү Бишкектен кармалып, кайра Ноокенге жеткирилди

Ноокен районунда алдамчылык ишке барган шектүү Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Ноокен районунун 33 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, ага сырттан тааныш болгон адам Мерседес-Бенц 210 үлгүсүндөгү унаасын "550 миң сомго сатам" деп андан алдын ала 100 миң сом алган. Бирок "эртең унаамды алып келип берем" деген убадасына турбай, качып кеткен.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Ноокен районунун 36 жаштагы тургуну Бишкек шаарынан кармалып, Ноокен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөөдө шектүү буга чейинда бир нече жолу соттолгону, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандыгы аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан