Бүгүн, 16-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жогорку окуу жайларынын ректорлору, кесиптик лицейлердин жана колледждердин директорлору менен профилактикалык кеңешме өткөрдү. Бул туурасында маалымат борбордон кабарлашты.
Ташиев коррупциянын артынан билим берүү тармагындагы 34 кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылганын айтты.
"4 ректор, 1 проректор, 10 директор, 6 декан жана алардын орун басарлары, 13 окутуучу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Коррупциялык көрүнүштөргө аралашкандыгы үчүн 42 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулуп, жумуштан алынган. Мамлекеттин кирешесине 207 миллион 700 миң сом кайтарылган.
Козголгон жана иликтенип жаткан кылмыш иштерин талдоо көрсөткөндөй, билим берүү тармагындагы коррупция учурлары ар түрдүү формаларга, коррупциялык зоналарга ээ болуп, мындай мыйзам бузуулар көп кездешет. Тагыраагы, ЖОЖдордун ишмердүүлүгүн лицензиялоо жана аккредитациялоо, ЖОЖго кирүү, ЖОЖдордун билим берүү ишмердүүлүгү, ЖОЖдордун финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү, ЖОЖдордогу мамлекеттик сатып алуулар, ЖОЖдордун кадр саясатын ишке ашыруу, бул билим берүү тармагындагы коррупциялык зоналардын жана тобокелдиктердин толук тизмеси эмес, айрым ак ниетсиз ЖОЖдун окутуучулары жана жетекчилери академиялык бүтүндүктү сактабастан өздөрүнүн окуу жайында коррупциянын жайылышына өз салымын кошуп жатат", - деп билдирген Ташиев.
Атайын кызматтын башчысы жыйында коррупцияга каршы турууда
мыйзам өзгөргөнүн белгилеп, 2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупциянын деңгээли 5-10 пайызга чейин кыскартуу пландалып жатканын айтты. Бүгүнкү күндө көрсөткүч 30-40 пайыздык деңгээлде болуп, ал эми мурдагы мезгилдерде үрөй учурган 70-80 пайызды түзгөндүгүн кошумчалаган.
Сөзүнүн аягында УКМК төрагасы коррупция сыяктуу ыплас иштер менен биргелешип күрөшүү керектигин айтып, ар бир кызматкерди таза жана адилеттүү иштөөгө, жемкорлукту жок кылууга чакырды.