Бишкекте мечиттин ичиндеги садака кутучасынан акча уурдалган. Милиция 34 жаштагы жаранды кармады

Бишкек шаарында уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалымдалгандай, ал 9-январда Көк-Жар жаңы конушунда жайгашкан мечиттеринин бириндеги садака кутусуна салынган акчаны уурдап кеткен. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 34 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар-жогу аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан