2020-жылдын октябрынан азыркы учурга чейинки аралыкта тарыхта биринчи жолу мамлекетке 168 миллиард 287 миллион сом өлчөмүндөгү ири зыяндын орду толтурулду. Бул туурасында бүгүн, 16-январда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билим берүү тармагындагы кызматкерлер менен болгон жолугушуусунда маалым болгон.
Анын айтымында 1174 объект мамлекеттин менчигине кайтарылды. Алардын ичинде жер аянттары, бала бакчалар, пансионаттар, стадиондор, заводдор жана башка ушул сыяктуу имараттар бар. Ал эми бул коррупциялык иштин алкагында 1373 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылганы кошумчаланган.
Эскерте кетсек, коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, 1-январдан баштап күчүнө кирген. Президент ал мыйзамга 31-декабрда кол койсо, Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 25-декабрында кабыл алынган.