Ысык-Көлдүн Тоң районунда жер титиреди

Кечээ, 16-январда саат 18:30да Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,9 баллга жеткен.

Жердин силкинүүсү Тоң районунун Оттук айылынан түндүккө карай 5 чакырым, Кара-Шаар айылынан батышка карай 5 чакырым, Кара-Талаа айылынан түндүк-батышка карай 10 чакырым, Балыкчы шаарынан түштүк-чыгышка карай 16 чакырым аралыкта жайгашкан.

Ал эми калктуу конуштарда: Оттук, Кара-Шаар, Ак-Өлөң айылдарында 3,5 баллга, Балыкчы шаары жана Кара-Талаа, Орто-Токой, Шор-Булак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан