Бишкекте №7 автобустун айдоочусу менен жеңил унаанын ээсине протокол толтурулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Райондук милиция 14-январда социалдык тармактарда белгисиз жаран менен коомдук транспорттун айдоочусунун ортосундагы жаңжал тартылган видео тарагандан кийин тийиштүү иштер жүргүзүлгөнүн белгиледи.
Факты Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен каралып, анын негизинде 1961-жылы туулган автобустун К.Р. аттуу айдоочусу жана 1997-жылы туулган Honda Stream үлгүсүндөгү унаанын Э.у.А. аттуу айдоочусуна протокол толтурулган. Иш Биринчи май райондук сотуна жиберилди.
Интернет желесине тараган видеодон жеңил унаанын ээси автобустун алдын тороп, ичине кирип келип, ызы-чуу салганын жана оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөнүн көрүүгө болот.