УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев Словакиянын "Тренчин" футболдук клубуна өттү. Бул тууралуу словакиялык клуб кабарлады.
"Тренчин" клубунун жаңы жүзү – 19 жаштагы кыргызстандык Эмир-Хан Кыдыршаев. Коргоочу менен келишим бир жарым жылга түзүлдү", - деп жазды аталган футболдук клуб.
"Тренчин" футболдук клубу Словакиянын Жогорку Лигасында оюн алып барат. Учурда аталган футболдук клуб турнирдик жадыбалда 11-орунда келүүдө.