Бүгүн, 17-январда Таш-Көмүр шаарынын дайынсыз болуп жаткан тургунун издөө иштерине 27 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн подполковник Ырысбек Жолдошбаевдин жетекчилигинде жалпы 27 куткаруучу жана 1 дрон тартылган.
Белгилей кетсек, 15-декабрда 1978-жылы туулган Таш-Көмүр шаарынын М.Д. аттуу тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөө иштери 17-декабрдан улантылып келет.