Жарым орто салмакта UFC`нин экс-чемпиону Тито Ортис өзү айдап жүргөн Porsche Panamera автоунаасы менен мас абалында автокырсыкка кабылды. Бул тууралуу европалык басылмалар кечээ, 7-январда кабарлашты.
Анда кабарлангандай, мас абалында унааны башкарып бараткан Тито жана анын жанындагы 2 досу автокырсыкта жаракат алган эмес. Экс-чемпион бул жоругу үчүн полицияга 15 000 доллар өлчөмүндө айып пул төлөгөн.