Бишкекте даректи так көрсөткөн жазуулар орнотула баштады (фото)

Бишкек шаарында жаңы үй номурларынын дарегин көрсөткөн такта орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаардагы аншлагдарды (көчөлөрдүн аттары жазылган номер такталары) орнотуу боюнча активдүү иш алып барууда.

Иш-чаралар Иса Ахунбаев көчөсүндө Чыңыз Айтматов проспектиси менен Байтик баатыр көчөсүнүн түштүк тарабында башталды. Бул бөлүктөгү иштер аяктагандан кийин ошол эле иштер түндүк тарабында жүргүзүлөт.

Мындан тышкары ишкана Байтик баатыр көчөсүндө Кулатов көчөсүнөн Абсамат Масалиев көчөсүнө чейин аншлагдарды орнотуу пландалып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан