Жалал-Абадда судьяларга пара берүүгө ортомчулук кылууга шектелген адвокат кармалды

Жалал-Абад облустук сотунун судьяларына пара алууга ортомчулук кылган Жалал-Абад облустук адвокатурасынын төрагасы кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"Жалал-Абад облусунун аймактык адвокатурасынын төрагасы М.А. коллегиянын судьялары менен ишеним мамилелерин колдонуп, сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаргандыгы үчүн пара берүүдө ортомчу болуп чыккандыгы такталды. Буга чейин Жалал-Абад шаардык соту тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана сатуу боюнча Х.С. күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Бирок облус соттору Э.К., М.У. жана К.М. тарабынан соттолгон адамдын аракеттерин 8 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга кайра классификацияланган жана башка мамлекеттин аймагында жүргөн, апасынын колунда болгон уулу 14 жашка чыкканга чейин өкүмдүн аткарылышын мыйзамсыз создуктурган", - деп билдиришти УКМКдан.

Адилетсиз чечимдин натыйжасында соттолгон Х.С. камактан бошотулуп, укук коргоо органдарынан качып кеткен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад облусунун үч судьясы камакка алынган.

13-январда М.А. дагы кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды.

Белгилей кетсек, 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абадда массалык баш аламандык уюштурган деп Сузак райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган кыргыз жараны Н.Ш.ны камактан бошотуу жөнүндө атайылап адилетсиз чечим чыгарганы үчүн аталган судья М.А. 2012-жылы Жалал-Абад облустук сотунун судьясы болуп иштеген учурунда кылмыш жоопкерчиликке тартылган, ал дагы кийин укук коргоо органдарынан качып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан