Бүгүн, 17-январда Ноокен районунун Сүттү-Булак жайлоосунда изделип жаткан жарандын туугандарынын макулдугу менен издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалымдалгандай, жерине тартылган жалпы 27 куткаруучу туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышууда.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын 47 жаштагы М.Д. аттуу тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.