"Манас" эл аралык аэропортунун жалпы күтүү залында жүргүнчүлөрдүн бири ири суммадагы акча каражаты бар жеке сумкасын унутуп калган.
Аэропорттун маалымат кызматы билдиргендей, аны аба майдандын кызматкери Канатбек Сүйүмбек уулу таап алып, кайтарып берген. Баштыктын ичинде 1 миллион 800 миң рубль болгон.
"Бул окуя аэропорттун кызматкерлери ар бир жүргүнчүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп, жеке буюмдарынын сакталышын камсыз кылып жаткандыгын дагы бир жолу тастыктап турат. Биз жоопкерчиликтүү жана чынчыл кесиптештерибиз менен сыймыктанабыз, алардын ак ниет иштеринен улам жүргүнчүлөр аэропортубузда өздөрүн ишенимдүү сезе алышат", - деп айтылган маалыматта.