Бүгүн, 17-январда Алматы облусунун Кошмамбет айылында 2022-жылы кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновду кыйноого алгандарга карата өкүм чыкты. Бул туурасында ал өз баракчасына билдирүү калтырып, видео менен бөлүшкөн.
Анын айтымында, чыккан өкүмдүн алкагында сот залынан алты айыпталуучу тең кармалып, үч жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле 44 арыздануучунун ичинен бир нече жабырлануучунун моралдык зыяндын ордун толтуруу боюнча бир катар талаптары жарым-жартылай канааттандырылган.
Музыкант бул процесс адилеттүүлүккө карай жасалган кичинекей гана кадам экендигин билдирген.
"Кандуу январь айыкпас жара бойдон калууда. Бирок бүгүнкү күндө жарым-жартылай болсо да, адамдын ар-намысына каршы жасалган кылмыштар үчүн күнөөнү таануу жана жазалоо багытына кадам ташталды. Дагы уландысы бар", - деп калтырган билирүүсүнө.
Ошондой эле Рузахунов эл аралык укук коргоочулар жабырлануучулардын иштерине мониторинг жүргүзүүнү улантып, алардын укуктарын толук калыбына келтирүүгө убада беришкенин кошучалады.
Эске салсак, январь айында Казакстанда орун алган башаламандык учурунда коңшу өлкөдөгү телеканалдардын биринде тополоңго катышканы Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.
Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришкен. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирлерин айтышкан.
10-январда музыкант өлкөгө алып келинген.