Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Көк-Дөбө тилкесиндеги жалпы аянты 11 гектар, болжолдуу баасы 550 миллион сом болгон жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жер тилкеси 1998-жылы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын токтому менен "Калык" айыл чарба ишканасына көрктөндүрүү үчүн убактылуу пайдаланууга берилип, кийин аталган ишканага жер участогуна жеке менчик укугуна мыйзамсыз мамлекеттик акт түзүлгөн.
Тиешелүү иштердин жыйынтыгында, аталган жер тилкеси ыктыярдуу түрдө Баткен районунун Кара-Бак айылынын балансына өткөрүлүп берилди.