Мамлекеттик салык кызматынын Талас шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм жетекчиси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-январда Талас шаардык мамлекеттик салык кызматынын салык көзөмөлдөө жана карыздарды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Ж. ишкердик субъектинин салык карызын азайтуу үчүн 100 миң сом өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы менен кармалды.
Аталган факт боюнча кармалган жаран Талас ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.
УКМК жарандарды мамлекеттик жана укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр аныкталган учурларда 03422 - 5-20-43, 03422 5-28-58 ишеним телефону аркылуу кайрылууга чакырат.