Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында жыйылган чөптөн өрт чыгып, ал өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Малга деп жыйылган чөп кечээ, 18-январь күнү саат 22:00дө өрттөнө баштаган. Өрттү өчүрүүгө алгач бир бөлүм, саат 22:33тө дагы бир бөлүм тартылган.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен өрт 00:20да толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.