Бишкекте милиция кызматкерлерин сөгүп, ызы-чуу салган киши айдоочулук күбөлүгүнөн 3 жылга ажыратылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, 17-январда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө Кайгуул кызматынын кызматкери кайрылып, 34 жаштагы киши мыйзамдуу талаптарга баш ийбестен оозго алгыс сөздөрдү айтып жатканын билдиришкен.
Факты каттоого алынып, ал Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен 5 суткага камакка алынган. Ошондой эле соттун чечими менен 34 жаштагы жаран 3 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылып, унаасы айып короого токтотулган.
Буга чейин социалдык тармактарда Lexus LX600 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында жол тескөөчүлөрүн сөгүп, "чеччи формаңды, эркексиңби?!" деп жаткан видео тараган.