UFC 311: Умар Нурмагомедов беттеш учурунда сындырып алган колун көрсөттү

Орусиялык UFC мушкери Умар Нурмагомедов кечээ АКШда өткөн UFC 311 турниринде жеңил салмактагы чемпион Мераб Двалишвили менен беттешип жатып сындырып алган колун көрсөттү.

Ал беттештен кийин биринчи бөлүктө эле колун сыныдырып алганын айткан. Беттеш бүтөрү менен Хабиб Нурмагомедов аны ооруканага алып кеткен.

Эске салсак, кечээ, 19-январда АКШда өткөн беттеш 5 раундга чейин созулуп, калыстардын бир добуштан чечими менен Двалишвилинин жеңиши менен аяктаган. Муну менен Умар Нурмагомедов карьерасындагы алгачкы жеңилүүсүн тартса, Двалишвили чемпиондук наамын коргоп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан