Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 11 медаль алышты

Казакстанда өткөн XXI эл аралык Жаутыков олимпиадасында математика, физика жана информатика боюнча кыргызстандык окуучулар 1 алтын, 4 күмүш жана 6 коло медаль алышты.
Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, 13-17-январь күндөрү болгон олимпиадага Кыргызстандын атынан 4 команда катышты.
Медаль алган окуучулардын тизмеси:
  • Айдарбеков Алихан, 11-класс, Сейтек STEM мектеби – информатика боюнча алтын медаль;
  • Лебиев Абдульазиз, 11-класс, Сейтек STEM мектеби – информатика боюнча күмүш медаль;
  • Мананов Рамазан, 9-класс, Сейтек STEM мектеби – информатика боюнча күмүш медаль;
  • Садирбеков Санжар, 11-класс, “Сапат” ББМ – информатика боюнча коло медаль;
  • Карыпжанов Нурислам, 10-класс, “Сапат” ББМ – информатика боюнча коло медаль;
  • Джаникеев Саид, 9-класс, профессор А. Молдокулов атындагы МТУМЛ – информатика боюнча коло медаль;
  • Киргизбаев Назар, 11-класс, # 61 АФММЛ ОК – математика боюнча коло медаль.
  • Асанкадыров Айдин, 11-класс, # 61 АФММЛ ОК – математика боюнча коло медаль.
  • Эшперов Нурсултан, 11-класс, Газпром Кыргызстан мектеби – математика боюнча коло медаль.
  • Абдиев Аскар, 11-класс, профессор А. Молдокулов атындагы МТУМЛ – физика боюнча күмүш медаль.
  • Анаралы уулу Эмир, 12-класс, ЮВИС мектеби – физика боюнча күмүш медаль

Олимпиадага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Орусия, Беларусь, Армения, Азербайжан, Түркия, Грузия, Болгария, Румыния, Сербия жана Монголиядан 700гө жакын катышуучу жана 150 мугалим катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан