Кемин шаарында Кыйтандын жарандарын ур-токмокко алды деп шек саналгандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, мурун соттолгон 31 жана 33 жаштагы эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Эске салсак, буга чейин Чүй облустук милициясы Кемин шаарындагы нефти базанын кытайлык жумушчулары 28-декабрь күнү сабалганын кабарлаган. Маалыматта кытайлык жарандар азык-түлүк дүкөнүнөн соода кылышып, базага кайтып келе жатышканда белгисиз эки адам жолдон ур-токмокко алып, биринин телефонун тартып алышып, унаа менен качып кетишкени айтылган. Андыктан Кылмыш-жаза кодексинин "Каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдү аныктоо иштери жүрүп жатканы белгиленген болчу.