Тышкы иштер министрлиги Сеулдагы кыргызстандыктарды көчөгө чыкпай турууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореядагы мекендештерге карата сактык чараларына байланыштуу кайрылуу таратты.

"Түштүк Кореядагы акыркы окуяларга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Корея Республикасынын аймагында жүргөн кыргыз жарандарын сактык чараларын күчөтүүгө жана зарылдык болбосо жашаган жерлеринен чыкпоого чакырат.

Коопсуздукту камсыздоо максатында жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну жана массалык иш-чараларга катышуудан толук баш тартууну өтүнөбүз.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигине төмөнкү байланыш номер аркылуу кайрылууну суранабыз: +82 10 9798 0951", - деп билдиришти министрликтен.

Буга чейин Түштүк Кореянын камакка алынган президенти Юн Сок Ёлдун тарапташтары митингге чыгып, Сеулдагы сот имаратын талкалап, полицияга таштанды ыргытышкан. Полиция алардын айрымдарын кармады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан