Таш-Көмүр шаарында тоноого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-декабрда милицияга 66 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 18:00 чамасында шаардагы дүкөндөрдүн биринде ага сырттан тааныш болгон адам достору менен ур-токмокко алып, чөнтөгүндөгү 35 миң сомун тартып алганын айткан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары мурда соттолгон 27 жаштагы жаран жана 26 жаштагы жаран кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.