"Ташиевдин ишенимдүү адамымын..." Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Жалал-Абад шаарында ипотекалык турак жай берүүгө байланыштуу алдамчылыкка шектелип Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын тургуну Б.А. кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, шектүү өзүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ишенимдүү адамы катары көрсөтүп, жарандардын акча каражаттарын алган. Ал Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан үйлөрдөн батирлерди алуу үчүн тизмени алдыга жылдыруу, жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү сыяктуу убадаларды берген.
Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу фактыларга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Алдангандар (03722) 5-60-49, 0(556) 06-18-83 телефон номерлери аркылуу кайрылса боло тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан