"Ош базардагы" көпүрөдөн бир киши кулап каза болду

"Ош базарынын" аймагындагы көпүрөдөн бир киши кулап каза тапканын Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.

Маалымдагандай, кечээ, 19-январда саат 14:54тө милицияга Кулиев менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөдөн бир адам кулап кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери 1971-жылы туулган К.А. аттуу жаран каза болгонун такташкан.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тактоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан