Оштогу базарга соодагерлерди көчүрүү иши бир айга жылдырылды

Ош шаарында Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык базарга соодагерлерди көчүрүү иштери 20-февралга жылдырылды. Бул тууралуу калаа мэриясы бүгүн, 20-январда маалымдады.
Мекеме билдиргендей, буга учурда иштеп жаткан борбордук базардагы соодагерлердин кайрылуулары себеп болгон.
"Бир ай аралыгында соодагерлер Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп чыгуусу керек", - дешти мэриядан.
Эске салсак, буга чейин базарга соодагерлерди көчүрүү иштери 20-январга болжолдонгону кабарланган.
Маалымат үчүн: Базар 2500 орунга ылайыкташып, 25 катардан турат. Соода орундуктарынын аянты 6-7 чарчы метрди түзөт. Базарга кирүүчү туурасы 7,5 метрди түзгөн 2 негизги жол бар. Өрт коопсуздугун сактоо максатында ар бир 5-катарда гидрант орнотулуп, базар электр энергиясына, коммуналдык тармактарга туташкан.
20.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан