Бишкек шаарында бир жигитти сабап, ал учурду видеого түшүрүп алган деген шек менен 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда шаардык милиция кабарлады.
Маалымдалгандай, 14-январда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү болжол менен эртең мененки саат 07:00дө Тунгуч кичи районундагы ээн талаадан белгисиз адамдар тарабынан сабалганын, окуяны алар тасмага тартып алышканын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топ түзүү жана ага катышуу), 207-беренеси (Каракчылык) жана 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 20-21 жаштагы 3 жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, кылмышты уюштургандарды аныктоо иштери жүрүүдө. Муну менен бирге тергөө иштери улантылууда.
Буга чейин социалдык тармактарда бир жигит белгисиз балдар тарабынан сабалганы тартылган видео тараган болчу. Анда ур-токмокко алынган бала сатууга тийиш болгон баңгизатты колдонуп салганы үчүн кечирим сураганын көрүүгө болот.