Бишкек шаарында адам өлтүрүүгө шектелип 50 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 19-январда саат 20:28 чамасында милицияга И. аттуу жаран телефон чалып, 18-январь күнү аялы менен уруша кетип, аны өлтүрүп алганын кабарлаган. Окуя болгон жерге дароо барган милиция кызматкерлери маалымат чындык экенине күбө болушкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1974-жылы туулган С.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.