"Канчалаган түн уйку, мээнет кетти" дейт Ошто укмуштуудай концерт койгон дирижёр Талгат мырза (маек)

Ош шаарынын маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулган, Ош мэриясынын оркестри алгачкы ирет концертин берди. Жаңы жылды утурлай коюлган майрамдык иш-чара Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында орун алып, зал толо эл менен эки күн коюлду (төмөндөгү видеодон көрсөңүз болот).

Анын өзгөчөлүгүнө Ош шаарынын тургундары жана социалдык баракчалардын айрым колдонуучулары күбө боло алды. Биз күткөн белгилүү чет элдик тасмалардын саунтректерин дал ошол Ош мэриясынын оркестринин солисттери башка инстурменттер менен кошо комуз күүсүнө салып коомчулукка алып чыкты.

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары" рубрикасынын бул чыгарылышында дал ушул оркестр тобун топтоштургандардын бири, өзү 30 жашта болсо да чыгармачыл топтун музыкалык аспаптарын ыргакка салган дирижёр Талгат Зарылбек уулу менен маек курабыз.

Талгат Зарылбек уулу 1994-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айылында туулган. Орто мектепти аяктаган соң Бишкектеги Кыргыз улуттук консерваториясында 7 жыл чоор аспабында окуп аяктаган.

– Биз дирижёр десе эле улуу муундун кишилерин элестетет экенбиз. Көрсө, жаштар деле болот тура. Кайдан билим алдыңыз?

– Мектепти бүткөн соң борбордогу консерваторияга тапшыргам. Музыка жаатында орто окуу жайлардан билим алып келиш керек болчу, бирок мен анысы жок эле өтүп кеттим. 7 жыл чоор аспабында билим алдым. Мага анын баарын Акыл Касаболотов агай үйрөттү. Аны бүткөн соң Бишкекте “Ордо сахна” деген ансамблда эмгектенип, Бишкектеги Кыргыз улуттук консерваториясында солист болуп жүрдүм. Окууну аяктап, бир жылдан соң Ошко келдим. Учурда Ош шаарынын мэриясынын оркестринде эмгектенип, жаңы команда менен отчёттук концертти бердик.

Бирок мен өзүм дирижёр эмесмин. Ал үчүн атайын окуу бар, билим алыш керек. Мен өзөгүн билем.

– Анан кантип дирижёрлукка келип калдыңыз? Оркестрди нөлдөн баштап колго алыптырсыз, оор болдубу? Ким тарабынан сунуш түштү?

– Сунуш Ош шаарынын мэриясына караштуу маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркуловдон келип түштү. Кабыл алган соң аны уюштуруу музыкаларын аспаптарга келтирүү, адистерди табуу оңойго турган жок. Канчалаган түн уйку, мээнет кетти?

Оркестрдеги айрым мүчөлөр такыр башка кесиптин ээлери. Бирок алардын шыгы бар, эбин таппайт. Аларга көрсөтүш үчүн башка музыкалык аспаптарды да үйрөнүш керек болду. Аракет кылсаң эле үйрөнөт экенсиң. Мен 7 жыл чоордун түрүн ойноп, машыксам, бир жыл аралыгында толгон-токой аспаптарды үйрөнө алдым. Ошол эле кыяк, комуз, урма аспап, үйлөмө аспаптар, бас-гитара, контрабас сыяктуу инстурменттердин тилин таптым.

– Концертке даярдык кандай болду? Музыкалар кантип тандалды? Саунтректерди комуз күүсүнө салууда кыйынчылык жаралбадыбы?

– Ар бир иштин артында сөзсүз кыйынчылык болот. Баштаган иштин майын чыгарууга аракет кылбасаң, аны башташтын кажети эмне. Ошондуктан болгон аракетибизди жумшадык. Айтып өткөндөй ар бир музыкалык аспапка дыкат токтолуп, ар бир солист менен иш алып бардык.

Даярдык катуу болду. Ар бир чыгарманы кылдаттык менен өзүм иштеп чыктым. Ойноттум, үйрөттүм. Жаңы чыгармалар жаралып, анын арты менен бир ирет түрк болсок, кийинкисинде европалык болдук. Айтор белгилүү, заманбап саунтректердин баарын аткардык. Анын баарын кыргыз комузу ачты. Дүйнө жүзү тыңдап уккан музыкаларды комуз күүсүнө салууда кыйынчылыктар да жаралган жок. Анткени командабыз таланттуу комузчулар менен толукталган.

Анан да ал жерде заманбап чыгармаларды аткарып жатканыбызга маашыркана сүйүндүк. Анткени башка өлкөдөн чоң сумма менен билет сатып келип жаткан аткаруучулардын чыгармачылык кечелерин биз да жасай ала турганыбызга ынандык. Өзгөчө оркестрдин мүчөлөрүнө “тарыхта калчу иш кылып жатасыңар, Ош шаарында алгачкы болуп ушулар алып чыккан деген сөзгө каласыңар” деген мотивацияларды берип жаттым. Дагы деле айтып келем.

– Концерт кандай өттү? Элдин кабыл алуусу кандай болду? Кийинки пландар?

– “Эл тараза, эл сынчы” дейт. Алардын купулуна толудубу же толбой калдыбы айта албайм. Бирок бизге сезилген сезимдер менен бөлүшө алам.

Эл жандуу музыкага, ырларга суусап калганы билинди. Анткени эки күндүк концерт тең шаардыктардын чоң колдоосуна татыды. Ар бир аткарылган чыгармалар, ырлар көрүүчүлөрдүн көңүлүнөн өтүп жаткандыгы байкалды. Бизди колдоп жаткандардын баарына ыраазычылык билдирем.

Мындан тышкары, заман талабы менен айтканда, социалдык баракчаларга да бизди колдоп киргизип, ар бир чыгармабыз менен бөлүшкөн колдоочуларга да өзүнчө ыраазычылык айтам.

Ар бир колдоо бизге күч-кубат жана чыгармачылык эргүү берет.

Эми элдин жан дүйнөсүн байыталы деген гана пландар бар. Буюрса, алгачкы концертибизди берип алдык. Каталардын үстүнөн иштеп, анан жети облусту кыдыра концерт берели деген тилектерибиз бар.

– Талгат мырза, маегиңизге ыраазычылык билдиребиз! Оркестрдын өмүрү узун болсун. Сизге жана оркестрдин мүчөлөрүнө чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

Видеолор менен Ош шаарындагы видеограф Акжол Айбашев бөлүштү.

Талгат Зарылбек уулунун автордук чыгармасы “Импровизация”
Ош мэриясынын оркестринин алгачкы концерти
Концертте аткарылган айрым саунтректерден үзүндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан