УКМК Ошто иштеген МАИ кызматкерин кармады

Ички иштер министрлигинин Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору системалуу түрдө акча чогултканы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"Материалдык пайда табуу максатында Ички иштер министрлигинин Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айрым инспекторлору жол эрежесин бузгандардан мобилдик капчыктарын толтурууну талап кылып, алардын ордуна административдик бузуулар боюнча тиешелүү протоколдорду түзүшкөн эмес. Мындан улам 15-январда ИИМдин Ош облусу боюнча Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору милициянын старшинасы Ж.У.А. кармалды", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан