Лейлекте 10 жылга жакын издөөдө жүргөн жаран чет өлкөдөн кармалып келди. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Баткен облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Раззаков шаарынын Ш.Д. аттуу 39 жаштагы тургуну 2015-жылы бейбаштык жасап, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында изин суутуп кеткен. 2015-жылдын август айынан бери Лейлек РИИБинин ыкчам кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүүнүн жүргөн жери аныкталган эмес.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү Орусияда экендиги аныкталып, орусиялык кесиптештердин жардамы менен кармалып, Кыргызстанга алып келинди.
Кармалган жаран Лейлек РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда тергөө иштери уланууда.