Бишкекте Башкы прокуратуранын жаңы имараты салынат (сүрөт)

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 20-январда Бишкекте Башкы прокуратуранын жаңы имаратын курууга мезгил кутусун салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы административдик имарат жети кабаттуу болот, жалпы аянты 20 миң чарчы метрди түзүп, заманбап жабдуулар менен жабдылат. Имаратта кеңсе бөлмөлөрү, чакан жана чоң залдар, ошондой эле 200 орундуу эки деңгээлдүү жер астындагы паркинг куруу пландаштырылган.

Курулуш иштери президенттин иш башкармалыгынын алдындагы "Кыргыз курулуш сервис" мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлөт, ал эми курулушту аяктоо жана пайдаланууга берүү эки жылдык мөөнөткө мерчемделген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан