"Ош базардан" телефон уурдаган учур видеого түшүп калган. Шектүү кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда шардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-январда Ленин райондук ички иштер башкармалыгына чет өлкөлүк жаран кайрылып, Бейшеналиев жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинен 72 миң сомдук Самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдатып ийгенин билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мурда бир нече жолу соттолгон 1980-жылы туулган К. Н. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Эгерде кимдир бирөө жогорудагы адамдын иш-аракетинен жабыр тартса, 0554 110 314, 0509 262 669 же 0707 707 776 номурлары аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз", - деп айтылат билдирүүдө.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан