Бишкекте Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясы ачылды (сүрөт)

Бүгүн, 20-январда өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө дүйнө жүзү тез өзгөрүп турган чакта, заман чакырыктары менен ар кандай кооптуу жагдайларга татыктуу жооп берүү үчүн прокуратура, юстиция, укук коргоо органдарына жана сот системасына күчтүү кадрлар жана жогорку класстагы кесипкөй адистер керектигин баса белгиледи. Ал окуу жайдын окутуучуларынын 65 пайызы илимий даражалары бар экенин жана учурда укук коргоо органдарында иштеп жаткан тажрыйбалуу кызматкерлерди тартууну сунуштады.

Президент Юридикалык академиянын эң негизги максаты - прокуратура жана башка укук коргоо органдары үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого багытталып, үзгүлтүксүз окутуунун натыйжалуу системасын түзүү болуп саналарын эске салды.

2023-жылы негизделген Башкы прокуратуранын юридикалык академиясы 2024-жылы ачылган. Учурда 250 студент окуйт. Эки факультеттен турган окуу жайда юриспруденция, прокуратура менен сот ишмердүүлүгү, соттук экспертиза жана маалымат коопсуздугу багытында окуу жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан