УКМК Саламаттык сактоо тармагында коррупция көбөйүп жатканын белгилеп, министрликте жыйын өткөрдү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Саламаттык сактоо министрлигинде мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилеринин катышуусу менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, кеңешменин жүрүшүндө катышуучуларга коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн күчөтүлгөн кылмыш жазасы тууралуу кеңири маалымат берилди.

"Укук коргоо органдары, анын ичинде УКМК тарабынан коррупцияга каршы тынымсыз күрөшкө карабастан, саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөрдүн өсүүсү байкалууда. Тактап айтканда, атайын кызмат тарабынан 2020-жылдын октябрынан 2024-жылдын декабрына чейин 43 кылмыш иши козголуп, 18 кызмат адамы кармалып, 291,9 миллион сомдон ашык акча каражаты мамлекетке кайтарылган. Коррупцияга байланышы бар 25 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Андан сырткары, уюшкан кылмыштуу топко байланышы бар 4 жооптуу кызматкер кызматтан кеткен", - деп айтылат маалыматта.

МЫндан сырткары жыйында Кылмыш-жаза кодексинин 336, 337, 338, 339, 340, 341, 342, 343, 344, 345, 346, 347, 348-беренелери, анда Саламаттык сактоо кызматкерлерине коррупциялык кылмыштар үчүн жазалардын негизги өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Мурдагыдай коррупциялык кылмыштардан айып төлөө менен кутулуу мүмкүн эместиги, бул үчүн соттолгондор жана алардын жакын туугандары, жубайы мамлекеттик кызматка иштей албасы, күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыянды төлөп берген учурда да, жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөөгө милдеттүү болору эскертилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан