Кыргызстандагы сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык кырдаал айтылды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, 13-январдан 19-январга чейин курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 761 учуру жана сасык тумоонун 41 учуру катталды. Бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу +1,6 эсеге жогору.
"Ооругандардын 4,8 пайызы, башкача айтканда, 563 бейтап ооруканага жаткырылган. Республикада сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жана баалоо улантылууда жана көзөмөлдө", - деп айтылат маалыматта.