Ош облусунда жыл жыйынтыгы менен 5 айыл аймак дотациядан чыкты

Ош облусунда жыл жыйынтыгы менен 5 айыл аймак дотациядан чыкты. Бул туурасында бүгүн, 21-январда президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, алар Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагы, Ноокат районунун Кыргыз-Ата, Зулпуев айыл аймагы, Исанов айыл аймактары, ошондой эле Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагы.
"Ал эми аймактарды бириктирүү реформасынын кийин 12 айыл аймак, 3 шаар дотациядан чыккан. Бүгүнкү күндө жалпы Ош облусунда 3 шаар, 17 айыл аймак дотациядан чыкты", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформадан кийин Ош облусунун карамагына 58 айылдык аймак жана 3 шаар кирген. Калкынын жалпы саны 1 миллион 300 миңден ашуун.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан